www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты, кыргыз-орус элинин байыртадан берки маданий байланышын бириктирген тарыхый жолун улап, Россия Федерациясынын борбору Москва шаарында болуп кайтты.

Бул чыгармачылык иш-сапарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы “Раймалы менен Бегимай” тууралуу уламыш баяны боюнча сахналаштырылган жагымдуу ыр-күү, жалындуу бий, көркөмдүк жагынан бай заманбап жасалгалуу этно-мюзикли Москва шаарындагы “Москва” концерттик залында борбордун көрүүчүлөрүнө жана мекендештерибизге тартууланды.

Маданий иш-чарада Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бөкөнтаев Кубанычбек Кеңешович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Мадаминов Аскаралы Шүкүралиевич жана чыгып сөз сүйлөшүп, куттуктоо сөздөрүн айтып, эки элдин достук байланышын бекемдеген маданий иш-чаралардын уланышына каалоо-тилектерин билдиришти.

Расмий бөлүмдүн соңунда Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин уулу, Ч.Айтматов атындагы фонддун президенти – Айтматов Элдар Чыңгызович чыгып куттуктоо сөзүн айтып, долбоордун автору жана жетекчиси, Улуттук филармониянын Башкы директору, КР эл артисти Кыргызбай  Осмоновго “Чыңгыз Айтматов” медалын жана этно-мюзиклди сахнага алып чыккан Улуттук филармониянын башкы режиссеру Урматбек Кадыровго фонддун “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Улуу өнөрдүн баа жеткис касиетин, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, дүйнө таанымын, маданий байлыктарын даңазалаган этно-мюзиклди көркөм маданяттын чордону болуп эсептелген Москва шаарынын көрүүчүлөрү менен биргеликте мекендештерибиз зор кубануу менен кабыл алышты.

Последние новости