www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-февралында  Бишкек шаарындагы санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводго Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана акимдери үчүн таанышуу экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсияны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев өткөрүп, катышуучуларга калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү тармагындагы заманбап технологиялык чечимдер тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн технологиялык цикли, экологиялык коопсуздук системасы жана өндүрүштө колдонулуп жаткан инновациялык чечимдер менен таанышты. Экскурсиянын катышуучуларына заводдун долбоордук кубаттуулугу, калдыктарды утилдештирүү системасы, ошондой эле ККТны кайра иштетүүнүн натыйжасында өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын көлөмү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилей кетсек, көп жылдар бою борбор калаа олуттуу экологиялык көйгөйлөргө дуушар болуп келген: күн сайын полигонго 1,5 миң тоннага чейин таштанды чыгарылып, бул маселени комплекстүү чечүү мүмкүн болгон эмес. Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык заводдун курулушу калдыктарды башкаруу маселесин чечүүдө жана Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү кадам болду.

Долбоорго жалпы 95 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салынган. Долбоор жылына 365 миң тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүнү жана кубаттуулугу 30 МВт болгон конденсациялык турбогенератордук электр станциясын ишке киргизүүнү карайт.

Бүгүнкү күндө ишкана суткасына 1000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүүгө жөндөмдүү, мында кубаттуулукту этап-этабы менен көбөйтүү пландалууда.

Последние новости