www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев «Мейкин» реабилитациялык борборунда кызмат алып жаткан майыптуулугу бар балдардын ата-энелери менен жолугушту.

Борбор психикалык өнүгүүсүндө бузулуусу бар балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга комплекстүү колдоо көрсөтүп, ата-энелерди окутуп, жеке ассистенттерди даярдайт, реабилитациянын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Ата-энелер негизги маселелерди көтөрүштү: ар бир облуста реабилитациялык борборлорду ачуу зарылдыгы, жалпы билим берүүчү мектептерде адаптацияланган окутуу программаларын киргизүү, майыптуулугу бар балдар менен иштеген мугалимдердин жана психологдордун штаттарын кеңейтүү жана эмгек акыларын жогорулатуу. Ошондой эле, балдарды жалгыз бой энелер тарбиялаган үй-бүлөлөрдү колдоого жана аймактарда өзгөчө балдар үчүн спорттук жана эс алуу ийримдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

«Реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү — бул мамлекеттин милдети. Ушуга байланыштуу ал ата-энелерди жана коомдук уюмдарды активдүү биригүүгө, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү аркылуу демилгелерди иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө чакырды.

Министр ошондой эле ата-энелердин мамлекеттик социалдык заказ механизмине активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, КЭУлар жана социалдык коргоо органдары менен биргеликте долбоорлорду иштеп чыгып, мамлекеттик колдоого тапшырууга үндөдү.

«Биз жергиликтүү деңгээлдеги демилгелер балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосун өзгөртө турган реалдуу долбоорлорго айланышына кызыкдарбыз», — деп баса белгиледи Канат Сагынбаев.