www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул ирет архитекторлор Чүй районунда жайгашкан “Бурана мунарасы” археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүүгө багытталган долбоорду даярдады. Долбоордун алкагында аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган.

Эскиздик долбоор музей комплексине келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүнү максат кылат. Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, эс алуу аянтчалары, жашыл зоналар жана туристтик инфраструктураны жакшыртуучу элементтер камтылган.

Последние новости