www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда 15 миллиондон ашуун жарандын жеке маалыматтары уурдалып, Dark Web’ге жайылып кеткени кабарланды. Бул окуя президент Шавкат Мирзиёев кибер кылмыштарга каршы күрөш натыйжа бербей жатат деп сындаганына бир жума өтпөй болду.
Qalampir басылмасы социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, уурдалган маалыматтарга адамдардын аты-жөнү, дареги, телефон номери, банктан алган кредиттери жана мүлктөрү кирери айтылды. Мындай тизмеде укук коргоо органдарында иштеген адамдар да бар экени белгиленди.
Киберкоопсуздук борбору жагдай иликтенип жатканын билдирди, бирок азырынча уурдоонун ким тарабынан жана кандай ыкма менен жасалганы тактала элек. Мыйзамсыз колдонууга байланыштуу паспорт сериясы, банк реквизиттери жана телефон номерлери алдамчылык, мыйзамсыз насыя алуу же коркутуу үчүн колдонулушу ыктымал.
Бул окуя Өзбекстанда каржылык алдамчылык көбөйүп, кибер кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын иши сынга алынган учурга туш келди. Президент Мирзиёев буга чейин ал башкарманын иши көрүнбөй жатат деп сындаган. Ал өткөн жылы кибер кылмыштар 16 миңден ашып, жарандар 2 триллион сумга чейин зыян тартканын айткан.