www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 5-февралда № 13 шайлоо округу боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 1-мартына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүдө шайлоо процессине катышкан бардык тараптар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сакташы зарыл экендигин баса белгиледи.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, автоматтык эсептөөчү урналар жана видеокөзөмөл жабдыктары колдонулган. Бирок, ага карабай, №13 шайлоо округунун 35 шайлоо участкасында мыйзамсыз камералар орнотулуп, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыктан, шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылгандыгын төрага эске салды.
“Шайлоо процессинин бардык катышуучулары бир нерсени ачык түшүнүшү керек: техникалык жабдуулар мыйзамдар жана эрежелер так сакталганда гана иштейт. Ар бир катышуучу өз жоопкерчилигин так билиши зарыл”, – деп белгиледи Т. Шайназаров.
БШК төрагасы жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана талапкерлерге кайрылып, шайлоонун калыс жана ачык өтүшүнө шарт түзүүгө, тартипти камсыз кылууга, шайлоочулардын укуктарын коргоого жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.
Кеңешменин жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева № 13 шайлоо округундагы шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү, майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу маселелерине токтолду.
А. Жумалиева округ боюнча участкалык шайлоо комиссияларындагы пандустардын абалы менен таанышып чыкканын, Майлуу-Суу жана Базар-Коргон районунун айрым участкаларында пандустардын жок экендигин кошумчалады.
Жыйында катышуучулар шайлоо процессиндеги бир катар мыйзам бузуу фактылары, добуш берүүнүн тартиби боюнча суроолорду беришти.
Өз кезегинде КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев №13 шайлоо округундагы кайра шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик процесске аралашпай, бардык процедуралар мыйзамга ылайык өтөрүнө көмөк көрсөтөрүн билдирди.
Ошондой эле талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн мыйзам талаптарын сактоого чакырып, жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи.