www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-февралында Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилигинин, райондук ички иштер башкармалыктарынын башчыларын, кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда аппараттык кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, коргоо ордерлерин өз убагында берүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык тармактарда тараган терс маалыматтарды мониторинг жүргүзүү, лицензиялоо жана уруксат берүү тутумунун ишмердүүлүгү, ошондой эле административдик имараттардын техникалык, санитардык абалы жана кызматтык тартиби боюнча маселелери каралды.


Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев үй-бүлөлүк зомбулукту жана киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнүн, кызматтык тартиптин талаптарын так сактоонун, ошондой эле интернет булактарында терс маалыматтарга ыкчам жана сапаттуу жооп кайтаруунун зарылдыгын белгиледи.


Айрыкча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин үй-бүлөлүк зомбулукту ар бир катталган фактысы боюнча жеке жоопкерчилигине, коргоо ордерлерин өз убагында берүү маселесине, ошондой эле жарандар тарабынан мыйзамдуу негизде алынган курал-жарактарды сактоо шарттарынын сакталышын үзгүлтүксүз текшерип туруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.


Аппараттык кеңешменин жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана райондук ички иштер башкармалыктарынын башчыларына кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана ички иштер органдарына болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө багытталган тапшырмалар берилди.
