www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-февралда саат 23:04тө Бишкек шаардык ИИМдин «102» кызматына шаардын четиндеги айланма жолдун жанынан адамдын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге барган Биринчи Май райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу маалыматты тастыктаган. Ал жерден зордук-зомбулуктун белгилери бар жаш кыздын сөөгү табылган. Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголду.
Маркумдун өздүгү аныкталып, ал 2006-жылы туулган С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 2004-жылы туулган Н.А. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Милиция кызматкерлери аны жашаган жеринен алып кетүүгө барган учурда, шектүү өзүнө-өзү зыян келтирүүгө аракет кылган.
Милиция кызматкерлери дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, «103» кызматынын дарыгерлерин чакырышкан. Учурда шектүү медициналык мекемеде конвойдун коштоосунда дарыланууда.Тергөөнүн иши уланууда.