www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Украинага басып кирген 2022-жылдан тарта Киев мамлекеттик бюджетти колдоого Батыш өлкөлөрү жана эл аралык уюмдардан 168 миллиард доллар алган. 

Маалыматка ылайык, Евробиримдик Украинага 56,9 миллиард доллар бөлүп, каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн сап башына чыккан. Экинчи орунду 30,2 миллиард доллар менен АКШ ээлеген. Ал эми үчүнчү орунда 13,3 миллиард доллар менен Эл аралык валюта фонду турат.

Ошондой эле колдоочулардын алдыңкы бештигине Япония да кирди. Ал 9 миллиард долларлык каржылык жардам көрсөткөн. Дүйнөлүк банк болсо Украинанын бюджетине 6 миллиард доллар которгон.

Мындан тышкары, ири донорлордун катарында Канада 5,4 миллиард доллар, Улуу Британия 3 миллиард доллар жана Германия да 1,7 миллиард доллар бөлгөн.

Өткөн жылы Украинанын бюджети үчүн маанилүү каржылоо булагы болуп Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен берилген "Чоң жетиликтин" насыясы саналат. Маалым болгондой, бул схема аркылуу Украинага 38,9 миллиард доллар бөлүнгөн.

Последние новости