www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү аэропортунан Александр Лукашенкону Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков, Беларустун Тажикстандагы элчиси Виктор Денисенко жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Андан сырткары Беларус мамлекет башчысын улуттук кийимчен балдар өз эне тилинде гана эмес, белорус тилинде да тосуп алышты. Ардактуу кароолдун катышуусу жолугушуунун көркүнө көрк кошту. Башка президенттерден айырмаланып, Александр Лукашенко улуттук кийим кийген жаш жеткинчектерге өзүнүн белегин тапшырды.

Беларус лидери бүгүн, 10-октябрда Дүйшөмбү шаарында өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. КМШ мамлекет башчыларынын кароосуна жыйырмага жакын маселе коюлат. Уюмдун келерки жылы 35 жылдык мааракесине карата анын эл аралык аброюн бекемдөө боюнча бир катар демилгелерди, анын ичинде “КМШ плюс” форматын түзүү жана Шанхай кызматташтык уюмуна КМШнын алкагында байкоочу статусун берүү боюнча бир катар демилгелерди кароо пландаштырылууда. Жыйындын күн тартибинде энергетикалык коопсуздук, аскерий кызматташтык, чек ара коопсуздугу жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери да бар.

Беларус үчүн саммиттин күн тартибиндеги эң маанилүү пункттардын бири КМШ мамлекет башчыларынын Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 40 жылдыгына карата билдирүүсү. Бул тема БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында каралып жатканда КМШ өлкөлөрүнүн макулдашылган аракеттери талкууланат. Жыйындын катышуучулары КМШнын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушат. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү эл аралык документтерди кабыл алуу пландалууда.