www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикалык "СПИД" борборунда кезек күтүүнү каалабаган аял жаңжал чыгарган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, анда аялдын жигитке кол салып, аны уруп, кийимин жулмалап жатканын көрүүгө болот.
Аталган окуя 24-июнь күнү эртең менен болгон. Аял кезек күтпөстөн дарыгерлерге кирүүгө аракет кылып, башка жарандар баш тарткандан кийин жаңжал чыгарган.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы аталган аялдын жана ал сабаган жигиттин өздүгү такталганын билдирди. 37 жаштагы И.А. жана 25 жаштагы А.Б., милиция бөлүмүнө жеткирилип, майда бейбаштык үчүн 5,5 миң сом айып салынган.