www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети 2025-жылдын 24-декабрындагы №1141-т тескемесине тактоо киргизди.
Тескеменин 31-июлдагы №588-т редакциясына ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын Социалдык фондуна баасы 67,5 млн сомду түзгөн турак эмес жайды акысын төлөө негизинде өткөрүп берет.
Имарат Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү 126 дарегинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 706,2 чарчы метрди түзөт. Бул жайга Социалдык фонддун Ленин райондук бөлүмүн жайгаштыруу пландалууда.
Объектти сатып алууга кеткен чыгымдарды Соцфонд административдик чыгымдарга каралган каражаттардын эсебинен төлөөгө тийиш.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине объектти кайра каттоодон өткөрүү тапшырылды.