www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун "президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган" деген билдирүүсүн четке какты. Анын айтымында, кызматтан кетүү чечими Садыр Жапаров менен он күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

 Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович!

 Саламатчылык!

 Саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган” дептир. Ушул боюнча сиздин комментарий?

 Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет.

Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз.

Беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келем аны жакшы билесиңер. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким ар кандай бурмалабасын деп гана айтып жатам. Рахмат!

 Сизге рахмат!

Последние новости