www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунда милиция кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мыйзамсыз иштер Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

«Борбордун эксперт-психологу 1975-жылы туулган АЧ Ш менен Ленин РИИББДИН тергөө кызматынын башчысынын орун басары 1994-жылы туулган А.у.ж. оор жана өзгеше оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды жоопкерчиликтен бошотуу үчүн акыл-эси жайында эмес деп таануу боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталган.

Атап айтканда 2025-жылдын январь айында Бишкек шаарында баңгизат сатуу боюнча 2007-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.А.А. кармалган кылмыш ишин тергев учурунда Ау Ж. кармалган адамдын жакын туугандарынан акча опузалап. 1,5 миллион сом алган. Андан кийин А Ч.Ш. менен сүйлөшүп, алар эксперименттих психологиялык экспертизанын баштапкы корутундусун бурмалашкан жана М.А.А. эки жолу акыл-эси жайында эмес деп табылган.

А.У.Ж. жана А.ЧІШ. кармалып. УКМКнын тергее абагына киргизилди», деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости