www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинди Кытай элинин жакшы досу деп атап, анын эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын жогору баалады. Бул тууралуу ал россиялык өкмөт башчысы менен болгон эки тараптуу жолугушууда айтты. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.
«Сиз Кытай элинин жакшы досусуз жана акыркы жылдары көп тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү үчүн тынымсыз эмгектенип келесиз. Сиздин салымыңызды жогору баалайм», — деди Си Цзиньпин.
Анын айтымында, быйыл дүйнөдөгү туруксуз абалга карабастан, Кытай менен Россиянын мамилелери жогорку деңгээлде жана сапаттуу өнүгүү багытында туруктуу жылып баратат. «Биз президент Владимир Путин менен Москвада жана Пекинде эки жолу жолугуп, Кытай–Россия алакаларынын стратегиялык жана комплекстүү маселелерин кеңири талкууладык, жаңы пландарды белгиледик жана жаңы багыттарды көрсөттүк. Мамлекет башчыларынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишеним жана тыгыз байланыштар — биздин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу өнүгүшүнүн негизги кепилдиги десек болот», — деди ал.
Си Цзиньпин кошумчалагандай, өкмөт башчыларынын акыркы жолугушуусунда Мишустин менен Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты ар тармак боюнча талдап чыгып, жыйынтыктоочу иштерди жүргүзүшүп, олуттуу жыйынтыктарга жетишти.
«Сиз президент Путин менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча тыгыз координацияны сактап, эки элдин түпкү кызыкчылыктарына ылайык кызматташууну тереңдетесиз деп үмүттөнөм. Бул ишибиз биздин өлкөлөр үчүн эле эмес, дүйнөлүк өнүгүү үчүн да чоң салым болот», — деп жыйынтыктады Си Цзиньпин.