www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сом санарип мейкиндикке чыкты!

Сом санарип мейкиндикке чыкты! Кыргызстан өзүнүн алгачкы улуттук стейблкоинин — USDKGни ишке киргизди. Бул Кыргызстандын санарип экономика тарыхында жаңы барак ачылды дегенди билдирет. Дегенибиз, 27–31-октябрь күндөрү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы сом менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкоин — USDKGни расмий каттоодон өткөрдү.

Бул демилге жөн эле санарип акча эмес, сомдун жаңы формадагы жашоосу десек болот. Активди жүгүртүүгө “Виртуалдык активдердин эмитенти” ачык акционердик коому жооптуу болот. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.

Сом эми блокчейнде. USDKG — бул санарип форматтагы сом. Ар бир чыгарылган бирдиктин артында реалдуу сом турат. Демек, анын баасы өзгөрбөйт, сом канча турса, USDKG да ошончо турат.

Мындай механизм арзан, ылдам жана коопсуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзөт. Эң башкысы криптовалюталардагыдай “курстун термелиши” болбойт.

Экономисттердин баамында, бул кадам өлкөдө санарип экономикага болгон ишенимди арттырып, финтех багытындагы инвестицияларга жол ачат. Демек, ички жана тышкы соода жаңы деңгээлге чыгышы мүмкүн. Себеби, транзакциялар секунддар ичинде, арзан жана жөнөкөй жүргүзүлөт. Ошондой эле, жарандар үчүн ыңгайлуулук болот. Банк картасы же эсеп жок болсо да, санарип капчык аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Ал эми мамлекет үчүн пайдасы, акча жүгүртүүнү көзөмөлдөө жеңилдеп, көмүскөдөгү экономика ачыкка чыгат.

Бирок жаңы доор менен кошо жаңы жоопкерчилик да келет. Санарип активдерди коргоо үчүн күчтүү киберкоопсуздук талап кылынат. Ар бир USDKG реалдуу сом менен камсыздалганы тууралуу ачык жана үзгүлтүксүз аудит жүргүзүлүп турушу шарт.

Адистер эгер бул механизм туура көзөмөлдөнбөсө, санарип схемалар аркылуу акчанын мыйзамсыз жүгүртүү коркунучу жаралышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен жеке сектор бул жаатта тыгыз иш алып барууга тийиш.

Арийне, канткен күндө дагы Кыргызстан USDKG менен Борбор Азияда улуттук стейблкоин чыгарган алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп калды. Бул санарип эксперимент эмес, сомду XXI кылымдын санарип дүйнөсүнө алып кирүү аракети катары бааланууда. Ошентсе дагы, USDKG элдин ишенимин актап, чыныгы төлөм куралына айлана алабы деген бүдөмүк суроо жок эмес. Албетте, мунун жообун убакыт көрсөтөт. Бирок Кыргызстан санарип жаңы доорго кадам таштаганы анык.

Последние новости