www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аскер кызматкерлерине арналган кызматтык батирлердин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Атайын кызматтын төрагасы өз сөзүндө мамлекет тарабынан аскерлер үчүн түзүлүп жаткан шарттарга кеңири токтолуп, кызматкерлерди мекенге ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана берилгендик менен кызмат өтөөгө чакырды.
2051 аскер бөлүгүндө төрт кабаттуу имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада 64 батирлүү заманбап турак жайга айланды. Бул батирлер аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Төрт кабаттуу имарат мурда эскилиги жетип, кароосуз абалда калган. Республикалык бюджеттен керектүү каражат бөлүнүп, имарат заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Оңдоо жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү ушул жылдын март айында башталып, октябрь айында толугу менен аяктады.