www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Салымбеков деген Кыргызстанга белгилүү меценат, жоомарт адам бар. Спортко, маданиятка аябай көп демөөрчүлүк кылды. Ошондой эле колунда жок социалдык жактан муктаждыгы бар жарандарга жарыгы бир топ эле тийди. 

Башкасын айтпаганда дагы ал түптөгөн “Дордой” базары миңдеген үй-бүлөнүн буттан турушуна себепкер болду. Мамлекетке миллиарддаган сом салык түшүп, бюджетти толтурган чоң “түтүнсүз заводго” айланды. Канчалаган жарандар дагы деле жан багып оокат кылып жатышат. 

Анан айта турган бир кемчилик, ушул аймактын инфратүзүмү такыр жакшырбай койду. Жолдору тешик, баткак, унаа токтотуучу жайлардын тардыгы азап. Тазалык маселеси дагы анчейин жолго коюлган эмес. 

Эми болсо минтип, ааламда жок аялдама кургансып, көрксүз тосмого ачылыш жасашканы уят эле көрүнүш. Чындыгында бул жорук “Дордойдун” символуна айланган кылымдын эң зор окуясы катары мыскылга алынды. 

Аскар мырза, мына ушул жагдайга көңүл буруп, кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жаткан кемчиликти жоюп коюшу милдет.

Последние новости