www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм жарыкка келди

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу ооруканадан билдиришти.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февраль күнү көз жарган. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзүп, учурда ден соолуктары жакшы. Бул үй-бүлөнүн үч эмге чейин бир кызы болгон.

Оорукананын директору Атабек Жумалиев эне жана ымыркайлардан кабар алып, белек-бечкек жана өз эсебинен 5000 сом сүйүнчү акча тапшырды.

Белгилей кетсек, бул 2026-жылдын башынан бери аталган ооруканада төрөлгөн алгачкы үч эм. Эне жана кыздар эртең, 4-март күнү үйүнө чыгарылат.

Маалымат үчүн: Ош облустар аралык ооруканасынын төрөт стационары 2026-жылдын январь айында 88 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Последние новости