www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 4-декабрда Кытай менен Франциянын толук кандуу стратегиялык өнөктөштүгүн тынымсыз өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу NazarNews агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.

Кытай лидери мындай билдирүүнү Франция президенти Эммануэль Макрон менен Пекиндеги жолугушуусунда айтты.

Өткөн жылы эки өлкөнүн дипломатиялык байланыштарынын 60 жылдыгы белгиленгендигине байланыштуу, Си Цзиньпин Кытай менен Франциянын келечектеги “цзяцзы” – 60 жылдык цикл ичинде байланыштарын мындан ары да бекемдөөнү улантаарына үмүт артты.

Си Цзиньпин: "Кытай Франция менен бирге, эки элдин негизги кызыкчылыктарын жана эл аралык коомчулуктун узак мөөнөттүк кызыкчылыктарын эске алуу менен бардык тоскоолдуктарды жоюп, тең укуктуу диалог жана ачык кызматташтыкты карманып, Кытай-Франциянын толук кандуу стратегиялык өнөктөштүгү жаңы 60 жылдык циклде туруктуу жана сапаттуу өнүгүп, өзүнүн стратегиялык баасын толук ачып, адилеттүү жана тартиптүү көп полюстук дүйнөнү жана инклюзивдүү экономикалык глобализацияны алдыга жылдырууга жаңы салым кошо берсин", - деди. 

Эске салсак, Эммануэль Макрон 3-декабрда Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекинге келген. Бул Макрондун Кытайга болгон төртүнчү мамлекеттик сапары, ошондой эле 2024-жылы Кытай менен Франциянын дипломатиялык байланыштарынын 60 жылдыгына байланыштуу Си Цзиньпиндин Францияга тарыхый сапарына жооп сапар болуп эсептелет.

Последние новости