www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Шопоков шаарында мечиттеги садака кутучасын уурдоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Шопоков шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө мечиттердеги садака кутучаларынан акча уурдоого бир нече жолу шектелген жаран аныкталган.
Ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Школьная көчөсүндө жайгашкан «Асан» мечитинде белгисиз жаран садака кутучасын уурдоого аракет кылып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кармалган адам 1997-жылы туулган Т.К. аттуу жаран экендиги аныкталып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.