www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) алкагында өткөн 2026-жылдагы эл аралык медиа сынакта бир катар номинациялар боюнча биринчи орундарга ээ болушту.
Сынак КМШга катышкан мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин чечими менен жыл сайын өткөрүлөт. Аны Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюро уюштурат.
Медиа сынактын негизги максаты — ички иштер органдарынын басма сөз кызматтарынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.
Катышуучулар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн, кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана кызматтын ар кандай багыттарын чагылдырган фото жана видеоматериалдарын сунушташкан.
2026-жылдагы сынактын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ өкүлдөрүнөн турган комиссия жеңүүчүлөрдү бир нече номинация боюнча аныктады. Алардын арасында Кыргызстандын ички иштер органдарынын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү да бар.
Жеңүүчүлөргө кесиптик жетишкендиктерин тастыктаган дипломдор тапшырылды. КМШнын ички иштер министрлеринин кеңешинин жетекчилиги Кыргызстандын ИИМине сынакка активдүү катышканы жана жогорку деңгээлдеги иштерди сунуштаганы үчүн ыраазычылык билдирди.