www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук соту башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган тогуз адамга карата Аламүдүн райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
Сот 10-сентябрда аларды Кылмыш-жаза кодексинин уюшкан топту түзүү же ага катышуу, уюшкан топту түзүү жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо, массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле соттолгондордун мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу чечими чыгарылган.
Өкүмгө ылайык:
Талантбек Баткулдаев — 13 жылга;
Кубан Адыл уулу — 12 жылга;
Асхат Чодиев, Арген Калдыбаев, Медеткан Ахматжан уулу, Гүлжигит Таатаев, Умар Турдушев, Муса Манапов жана Дастан Кыдыков — ар бири 9 жылдан эркинен ажыратылды.
Аламүдүн райондук соту бул иш боюнча ушундай эле өкүмдү 2025-жылдын аягында чыгарган.
Эске салсак, 2024-жылдын 12-ноябрында Ички иштер министрлиги Кубан Адыл уулу баштаган бир топ адамды бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кармаган. Милициянын маалыматына караганда, алар жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда массалык баш аламандык уюштурууга даярданып жатышкан.
Кубан Адыл уулу 2021-жылдын августунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен башкы прокурордун орун басары болуп дайындалып, 2024-жылдын апрелинде кызматынан алынган.
Соттолгондордун жакындары жана адвокаттары соттун акыркы чечими боюнча азырынча комментарий бере элек.

Последние новости