www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады.
Министр өз куттуктоосунда токой жаратылыштын баа жеткис байлыгы жана өлкөнүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо маанилүү ресурс экенин белгиледи.
Анын айтымында, токойлорду өстүрүү, калыбына келтирүү, коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында тармактын кызматкерлери жыл бою эмгектенип келишет.
Акыл Токтобаев климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарына болгон басымдын күчөшү шартында токойлорду сактоо жана көбөйтүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, токой тармагынын кызматкерлеринин эмгеги мамлекет жана коом үчүн баалуу экенин айтты.
Министр тармактын кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишине ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады.