www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү: 23–25-июнда сел коркунучу күтүлөт

Кыргыз Республикасынын аймагында 23–25-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугу жана нөшөрлүү жаан-чачындын күтүлүшүнө байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн.

Адистердин маалыматына ылайык, жаан-чачындын күчөшү дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келиши ыктымал.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жол кыймылы учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын милдеттүү түрдө эске алууга чакырат.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр өзгөчө тоолуу аймактарда этият болуулары зарыл.

Кошумча эскертүү:

Өзгөчө кырдаалдар коркунучу жогорулаган учурда дарыя жээктерине жакын аймактарда жүрүүдөн жана кооптуу жолдор менен каттамдардан убактылуу баш тартуу сунушталат.

Последние новости