www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда “Ширшов фонду” аттуу коомдук фонд катталып, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ал 2-июнда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан расмий каттоодон өткөн. Фонддун жетекчиси катары Алексей Юрьевич Ширшов көрсөтүлгөн.
Бул ысым мурда Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга байланыштырылып келген орусиялык ишкер Алексей Ширшовдун аты-жөнүнө дал келет. Акыркы жылдары анын ысымы өлкөдө бир нече жолу коомдук талкууга түшүп, быйыл февралда “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнө да катышкан. Президент Садыр Жапаров анын “Русгидро” менен болгон маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жатканын билдирген.
Ширшов мурда Айдар Акаев жана Максим Бакиев менен байланышы бар экени айтылып келген. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ага издөө жарыяланган. Ал 2022-жылы кармалып, көп өтпөй бошотулган. Анын аты Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар боюнча дооматтарда көп айтылып келет.