www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси боюнча пикирин билдирди.
Спикер бул демилгени туура экенин, мөөнөттөн мурда шайлоону колдойт.
«Эч бир тышкы күч, президент же министрлер кабинети мыйзам боюнча парламентти тарата албайт, парламент өзүн-өзү таратууга гана укуктуу. Демилгечи депутаттар тобу өзүн-өзү таркатуу боюнча жүйөлүү себептерди келтиришти. Демилгеге 32 депутат кол койду. Мен тийиштүү тапшырмаларды берип, бул багытта иш башталды. Мен базаны карап чыктым. ЖКнын 7-чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын күзүндө бүтүшү керек болчу. 2026-жылдын ноябрында парламенттик шайлоо өтүшү үчүн президент Жарлыкка августта кол коюшу керек. Ал эми Жогорку Кеңеш 2026-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоо күнүн бекитиши керек. Президент менен депутаттарды шайлоо бирге өтөт экен. Мындай ири эки иш-чара саясий жана экономикалык маселелерди жаратат», — деди ал.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону бири-биринин артынан өткөрүү техникалык гана эмес, физикалык жактан да оор болот. Ошондуктан, бир шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү керек жана бул туура болот.
«Эл өз тандоосун өзү жасайт. Шайлоого барыңыз, добуш бериңиз. Бул жерде отурган 90 депутаттын баары эл тарабынан шайланган. Шайлоо таза, адилет өтөт. Акыркы шайлоо муну далилдеди. Акыркы келген депутаттарды алалы. Карапайым балдар, бизнесмендер эмес, байлардын балдары эмес. «Олигархтар гана келет» деген чагымчыл сөздөрдүн артында топурак жок», — деп депутаттардын сынына комментарий берди.