www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакстандын жараны З.А.нын кармалышы боюнча расмий түшүндүрмө берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, буга чейин социалдык тармактарда З.А.нын жубайынын кайрылуусу тарап, коомчулукта ар түрдүү суроолор жаралган. Мындан улам, УКМК бул кылмыш ишин иликтөөгө тиешелүү объективдүү маалыматты коомчулукка жеткирүү зарыл деп эсептейт.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны З.Н.нын арызынын негизинде, Казакстандын жараны З.А.га 2 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул факт ырасталып, Казакстан Республикасынын жараны З.А. кармалган жана тиешелүү айып тагылган. Сот тарабынан анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими кабыл алынган. Өз кезегинде айыпталуучу З.А. күнөөсүн толук мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтура баштаган. Бул жагдай эске алынып, тергөө органдары анын баш коргоо чарасын эркинен ажыратууга байланышпаган чарага өзгөртүү маселесин карап жатышат.

Тергөө сыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп, кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

"УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан негизги багыттагы системалуу иштердин катарында республиканын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого да өзгөчө көңүл бурулат",-деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости