www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кезексиз парламенттик шайлоого катышууга ат салышкан талапкерлер тарабынан чогулган шайлоо төгүмү республикалык бюджетке түшүрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
Анын айтымында, талапкер болууга 589 адам арыз тапшырган. Алардын ичинен 507 жаран мыйзам боюнча 300 миң сомдон төгүм төлөгөн. Бирок документтерди жана талаптарга шайкештигин текшерүүдөн кийин БШК 467 жаранды гана талапкер катары каттаган. Ал эми Жылкыбаев белгилегендей, шайлоо төгүмүн төлөгөн, бирок каттоодон өтпөй калган 40 адамдын акчасы кайтарылбай турган болгон. Жалпысынан чогулган 147 миллион сом республикалык бюджетке которулган.
— Мыйзамда андай акчаны кайтарып берүү механизми каралган эмес. Көпчүлүгү кылмыш иши бар же чет өлкөдө жүргөн жарандар. Бул жагдай тууралуу талапкерлерге алдын-ала түшүндүрүлгөн, - деди ал.
Эске салсак, шайлоого катышуу ниетин билдирген 589 жарандын ичинен 122си каттоодон өтпөй калган. Алардын айрымдары өз ыктыяры менен катышуудан баш тарткан.