www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү".

Ага ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Үгүт иштери 10-ноябрдан тартып башталган.

Бүгүн болсо шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, “жымжырттык күнү” мыйзам бузулууларды алдын алуу максатында 10 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 461 талапкерди каттады.

Эртең, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.

Өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылат.

Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:

- эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;

- аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.

Последние новости