www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 28-ноябрда коомдук байкоочу комиссиялар менен кызматташуу боюнча комиссиянын төрагасы Михаил Аничкин баштаган Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын делегациясы менен жолукту. Делегация Кыргызстанга 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоолорду байкоого келген.

Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берип, аралыктан добуш берүү системасына өзгөчө токтолду. Ал бул технология шайлоочуларга өз округунан тышкары каалаган участокто добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берерин, муну менен алардын укуктары кеңейип, шайлоо процессине жеткиликтүүлүгү жогорулай турганын белгиледи.

БШК төрагасы делегация мүчөлөрүн шайлоодо колдонулуучу жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен да тааныштырды - ал беш функцияны аткарат, анын ичинде бюллетендерди идентификациялык басып чыгаруу. Бул шайлоо участокторунун ишинин тактыгын, ыкчамдыгын жана ачык-айкындуулугун кыйла жогорулатат.

Делегация башчысы Михаил Аничкин Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Палата жарандар жана коомдук уюмдардын бийлик органдары менен кызматташуусун камсыздап, алардын укуктарын коргоого жана коомдук кызыкчылыктарды эске алууга салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, Палата мыйзам долбоорлорун жана нормативдик актыларды коомдук экспертизадан өткөрөт, мамлекеттик органдардын ишин коомдук көзөмөгө алат.       

Михаил Аничкин белгилегендей, РФнын Коомдук палатасы бир катар өлкөлөрдө шайлоолорду байкоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Россияда болжол менен 150 миң коомдук байкоочулар бар, бул ишке жарандык коомдун өкүлдөрү активдүү катышат. Палата иштеп чыккан коомдук байкоо методологиясы эл аралык практикада колдонулуп, жакшы баага татыган. Ал ошондой эле Россиядагы шайлоолордо чет элдик байкоочулардын катышуусунун маанилүүлүгүн жана тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын белгиледи.

 

РФнын Коомдук палатасынын делегациясы Кыргызстандагы шайлоолорду байкоого катышуусун кызматташууну бекемдөөгө, Кыргызстандын суверенитетин колдоого жана кыргызстандык кесиптештери менен профессионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон салымы катары баалайт.

Жолугушуунун аягында Михаил Аничкин шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалап, Борбордук шайлоо комиссиясына эң жакшы тилектерин билдирди.

Тынчтык Шайназаров КР БШКсы кызматташууга ачык экенин баса белгилеп, Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын ишине ийгилик каалады.

Последние новости