www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоонун үгүт иштери учурда социалдык тармактарда гана эмес, аймактарда да кызуу жүрүп жатат. Айрым талапкерлердин тарапкерлери социалдык тармактарда активдүү талкуу жаратып турса да, азырынча алардын арасында — “тил тиштешүү”, чыр-чатак же терс окуялар катталган жок.
Бул жолу шайлоо өнөктүгү мурункулардан айырмаланып, ырчыларсыз, бийчилерсиз жана шоусуз өтүп жатат. Талапкерлер добуш сатып алуу же көңүл ачуу иш-чараларын уюштуруу аркылуу эмес, эл менен бетме-бет жолугушуп, өз программаларын түшүндүрүү жолу менен үгүт жүргүзүүдө.
Буга чейин шайлоо маалында ыр-бийге бай үгүт жыйындары эл арасында майрам катары кабыл алынып келген. Бирок бул жылы маанай башкача — эл майрам эмес, жооптуу тандоого даярдык маанайында.
Ошентсе да айрым аймактарда талапкерлердин жыйындарына элди ташып келип, залды толтуруу көрүнүштөрү да байкалууда. Жергиликтүүлөр муну шайлоо процессинин эл үчүн “кошумча түйшүккө” айланып баратканы менен түшүндүрүшөт.
Көпчүлүк жарандар талапкерлердин убадаларына этият мамиле жасап турганын байкоого деле болбойт. Кыргыз айкөл калк эмеспи “жөө жомоктордон” чарчагандары деле көрүнбөйт. Ошол эле учурда жолугушууга келген талапкерлерди сылык узатып, салт боюнча “бата берип” узатып жатышканы байкалууда.
Чынында эле, мурдагы чакырылыштарда депутат болуп барып, элдин ишенимин актабагандар көп болгон. Айрымдары Жогорку Кеңештен айдалып, бийликтин токмогунан качып чыккан. Бул жолку шайлоодо деле көзүбүзгө сиңип калган тааныш жүздөр толтура болгону менен азыркылардын арасында жаңы, жаш жана демилгелүү талапкерлер жок эмес.
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews