www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын-алуу, бөгөт коюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу болуп эсептелет.

Аталган мыйзам 2018-жылдын 13-августундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин VII жыйынында кабыл алынган 2018-2020-жылдарда шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашырууга багытталганын белгилей кетүү керек.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилет:

1)         Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине;

2)         Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине;

3)         Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине:

4)         Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөндөгүлөр каралган:

—           Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын аткарбаганы үчүн (421-берене) жана  шайлоочунун шайлоо комиссиясына шайлоо дарегинин алмашкандыгы тууралуу анык эмес маалыматтарды билип туруп бергендиги үчүн (422-берене), сатып алуучунун же алардын атынан чыккан адамдардын пайдасына активдүү шайлоо укугун ишке ашыргандыгы үчүн шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) жеке өзү же болбосо ортомчу аркылуу акча каражаттарды жана (же) материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилген. Эгерде шайлоочу сунуш кылынган талапкер үчүн добуш берүүгө акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды таркатуу жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат (423-берене).

—           Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн (871-берене), талапкер тарабынан анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти бергендиги, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыргандыгы үчүн (872-берене) жоопкерчилик киргизилген;

—           КР Жазык кодекстин 191-беренесинде (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын ишине же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан ишине кийлигишүү жолу менен, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун жана кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талап коюу же көрсөтмө берүү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо үчүн жоопкерчилик белгиленген.

—           КР Жазык кодекстин 192-беренесинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигинин субъекттеринин тизмеси кеңейтилген.

—           КР Административдик-процесстик кодексинин 201-беренесинде шайлоо укуктары бузулгандыгы боюнча сотко арыз жазуу мөөнөтү эки күндөн үч күнгө узартылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости