www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британия Украина менен согушунда экинчи жылын толтурган Россияга маанилүү киреше булактарын бутага алган жаңы санкция пакетин ишке ашырарын билдирди.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Россия - Украина согушунун экинчи жылына эки күн калганда жасаган билдирүүсүндө Россияга 50дөн ашуун адам жана уюмду камтыган санкциялардын киргизиле тургандыгын билдирди.

Билдирүүдө санкциянын Британиянын Украинага чексиз колдоосун көрсөткөнү белгиленди.

Санкциялардын ракета атуу системалары, ракеталар жана жардыргыч заттар сыяктуу ок-дарыларды бергендерге басым жасай турганы, ошондой эле Россиянын маанилүү киреше булактарын бутага ала турганы, металл, алмаз жана энергия соодасын чектөө жана анын каржылоосун ар тараптан үзөрү билдирилди.

Билдирүүдө баа берүүлөрүнө орун берилген Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон: «Эл аралык экономикалык кысымыбыз Россиянын бул мыйзамсыз басып алуусун каржылай албайт дегенди билдирет. Санкцияларыбыз Россиянын президенти Владимир Путинди согушту каржылоо үчүн муктаж болгон булактардан ажыратууда", - деди.

Ага жооп катары, Россия тарап Британиянын саламына алик кылды.

Орусия Евробиримдиктин санкцияларынын 13-пакетине жооп иретинде өлкөгө кирүүгө тыюу салынган жарандардын кара тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Белгиленгендей, Орусиянын жооп иретинде кабыл алган санкцияларына Киевге аскердик жардам көрсөтүүгө жооптуу коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле орус чиновниктерин куугунтуктоого катышкан жана Орусиянын мамлекеттик мүлкүн конфискациялоону жактаган адамдар да бар.

Мындан тышкары, “стоп тизмеге” Орусияга каршы системалуу түрдө агрессивдүү билдирүүлөрдү жасап келе жаткан Европа Кеңешинин, ЕБ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу ассамблеясынын, ЕККУнун мүчөлөрү да бар, деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдиги Орусияга чектөөлөр аркылуу кысым көрсөтүүгө натыйжасыз аракет кылып жатканын жана мындай аракеттер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эл аралык укуктук артыкчылыктарына шек келтирерин эскертти.

Эскерте кетсек, буга чейин Европа Биримдиги Орусияга каршы 13-санкция пакетин бекиткен, анда Кытай, Шри-Ланка, Сербия, Казакстан, Таиланд жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келген 106 жеке жана 88 юридикалык жактарга чектөө чаралары киргизилген.

Последние новости