www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясында автобус өрттөнүп, кырк эки зыяратчы каза болду. Бул тууралуу India Today телеканалы билдирди.
Хайдарабаддан келген 42 индиялык зыяратчы жол кырсыгына кабылган автобуста күйүп кеткен.
«Көптөгөн жүргүнчүлөр уктап жатышкан жана автобус күйүүчү май ташуучу унаа менен кагылышып, өрттөнүп кеткенде, алардын аман калуу мүмкүнчүлүгү аз болгон», — деп билдирет портал.
Жабыркагандардын арасында кеминде 11 аял жана 10 бала болгон. Кырсыктан бир гана адам аман калгандыгы айтылууда. Учурда жагдайлар такталып жатканы кошумчаланды.