www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы пандемияга байланыштуу зыяратчылар үчүн бериле турган квотаны кыскартарын билдирди. Ушул тапта королдукта коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 100 миң кишиден ашты. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Королдукка келгендер медициналык кароодон өтүп, бардык санитардык эрежелерди сакташы керек. Ал арада Саудия өтө улгайган кишилердин сапарына чектөө киргизүүнү пландоодо.

Башка бир булак королдук бул талаптарды аткаруу менен буга чейин ар бир өлкөгө берилген квотанын 20% орундатууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Ошол эле маалда Сауд Арабия өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү быйыл ажылык сапарды толугу менен токтотууну жакташууда. Быйыл ажылык сапар августтун башында башталышы керек.

Королдук бул боюнча расмий түрдө билдирүү тарата элек.

Расмий маалыматтар боюнча 2019-жылы 2,6 миллион зыяратчы ажылык парзын аткарып, дагы 19 миллион мусулман умрага барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости