www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы бейтапканалардын биринде иштеген ординатор коронавируска шектелүүдө.  Бул тууралуу таластык окурмандар билдиришкен.

Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, учурда медициналык кызматкерден алынган анализдин жыйынтыгы чыга электигин, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады. 

Эске сала кетсек, 9-июнга карата илдетке чалдыгуунун 2 миң 55 учур катталганы расмий түрдө айтылган. Анын ичинде 1 миң 483 киши оорудан сакайып кеткен болсо, 24ү көз жумган. 

Ал эми Талас облусунда бүгүнкү күнгө чейин илдетке чалдыгуунун бир да учуру каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости