www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Ормон мырза “Гранат фрукты” деп компания ачууга эмне түрткү болду?
— Биз күн сайын эле көргөн көйгөйдөн баштадык. Базарга убакыт жетпейт, сапатка ишеним аз, ортомчулар көп. Ошол себептен биз азык-түлүктү бир кампадан, түз жана тез жеткирген кызматты түзүүнү чечтик. Эми базардагы ызы-чуу, кезек, убакыт жоготуу сыяктуу нерв чарчаткан түйшүктүн баары артта калат.
— “Кампадан – дүкөнгө чейин” концепциясы эмнени билдирет?
— Бул ашыкча түйшүк жок, убакытты үнөмдөө дегенди билдирет. Продукт кампадан чыгып, түз дүкөнгө жетет. Кардар үчүн бул – таза, тез жана ишенимдүү кызмат.
— “Кыргызстанда алгачкы” дегениңиздер эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
— Биз логистикага басым жасаган азык-түлүк сервисин биринчи болуп системалуу түрдө киргиздик. Кампа, сорттоо, таңгактоо жана жеткирүү баары бир стандарт менен иштейт. Ишти бир адам эмес команда жасайт. Таза кампа – коопсуз азык деген урааныбыз болот. Санитардык нормаларды катуу карманабыз. Себеби биз үчүн ден соолук маселеси башкы орунда турат.
— Ортомчусуз иштөө кардарга эмне берет?
— Ортомчу жок болсо, ашыкча баа жок. Продукт жаңы, баа адилеттүү болот. Кардар убакыттан да, сапаттан да, баадан да утат. Мен бул кызматты өзүм сыяктуу убактысы чектелүү болгон адамдар үчүн ачтым. Андыктан убактысы аз, бирок үй-бүлөсүнө сапаттуу азык каалагандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк десем болот.
— Баа маселеси көпчүлүктү ойлонтот. Ошондо сиздерде баа кандай болот?
— Биздин баалар базарга жакын, кээде андан да арзан. Себеби ортомчу жок. Кардар ашыкча төлөбөйт, сапаттан утат. Негизиси убактысын үнөмдөйт. Азыр эң баалуу убакыт болуп калбадыбы? Базарда бир күн кечке жүрүп, түйшүк тартып, нерв кетирип алып келген азык-түлүгүн, жылуу-жумшак отуруп дүкөндөн буйрутма менен алдырып алат. Ар бир жер-жемиш катуу текшерүүдөн өтөт. Анткени сапатка көзөмөл керек.
— Сапат жана тазалыкты кантип көзөмөлдөйсүздөр?
— Биз үчүн сапат кампадан башталат. Ар бир продукт текшерилет, сорттолот, таза шартта таңгакталат. Биз өзүбүзгө алып баргандай мамиле кылабыз. Биз мунун менен Кыргызстанда тейлөөнүн сапатын көтөрүп, заманбап жаңы деңгээлге чыгарабыз.
— Ошондо бул компания коом үчүн кандай пайда алып келет?
— Жогоруда айтып кеткендей, биз шаар тургундарынын убактысын үнөмдөйбүз. Фермерлерди түз колдойбуз, жаңы жумуш орундарын түзөбүз. Бул жөн гана бизнес эмес, пайдалуу тейлөө кызматы болот.
— 1–2 жылда компанияны кайсы деңгээлде көрө аласыз?
— Максатыбыз жакынкы жылдары бул кызматты бүтүндөй шаар колдонгондой өнүктүрүү. Ал түгүл аймактарга чейин жеткиликтүү кылабыз. “ГРАНАТ фрукту” ишенимдин символу болушун каалайбыз.
— Сиздер жеке кардарлардан сырткары дагы, чоң соода түйүндөрү менен дагы кызматташасыздарбы?
— Албетте, чоң-чоң соода түйүндөрүнүн ээлери менен тыгыз кызматташабыз. Ушул жерден пайдаланып Кыргызстандагы соода түйүндөрүнүн ээлерин “Гранат фрукты” компаниясы менен кызматташууга чакырабыз! Анткени биздин компания – сиздерге сапаттуу жер-жемиштерди жеткирип бергенге ыңгайлуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп берет деп кепилдик бере алам.
Ал үчүн биздин +996227 000900 телефон неомерине байланышсаңыздар болот.