www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, электрондук соода, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.
Жолугушууда катышуучуларга электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасы сунушталды.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, ЭЭФтин жаңы формасы бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды үзгүлтүксүз ташып чыгууну камсыз кылуу үчүн иштелип чыгып, киргизилди.
Салык кызматынын адистери ЭЭФтин бул формасын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жана бекитилген тартипти иш жүзүндө колдонуу боюнча толук түшүндүрмөлөрдү беришти.
Электрондук соода аянтчасында жүргүзүлгөн соода ишмердүүлүгүнүн алкагындагы эсеп-фактура товарларга менчик укугу өткөрүлбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге товарларды ташып чыгууда электрондук соода аянтчасында соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчү тарабынан таризделүүчү коштомо документ болуп санала тургандыгы белгиленди.
Муну менен бирге мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу деп таанылбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.
Мындан тышкары, инспекторлор сатуучунун (селлердин) эсебине акча каражаттары келип түшкөндө, бирдиктүү эсеп-фактураны отчеттук айдан кийинки айдын 10 иш күнүнөн кечиктирбестен электрондук документ түрүндө тариздөө керектигин баса белгилешти.
Белгилей кетсек, Салык кызматы салык сабаттуулугун жогорулатууга жана салык мыйзамдарынын ченемдерин туура колдонууну камсыздоого багытталган түшүндүрүү иштерин жана окутуу иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзүп турат.