www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын жетекчилерине аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
Натыйжада, ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-полковниги”, ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “генерал-лейтенант” чини берилди.
Ошондой эле, анын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уран Шадыбековго, Алишер Эрбаевге “генерал-майор” чини ыйгарылды.
Мындан тышкары коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, министрдин дагы бир орун басары – Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаев, Куралдуу күчтөрдүн абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы Талантбек Талипов да “генерал-майор” чинин алышты.
Башкы прокурордун жаңы дайындалган биринчи орун басары Малик Бектурганов дагы “юстициянын генерал-майору” болду.