www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Лейлек РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев Лейлек райондук мамлекеттик администрациясында мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктардын, алдамчылык кылмыштарынын жана аткезчиликке байланыштуу мыйзам бузуулардын алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралар кеңири талкууланды.

Лейлек РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев бул багытта бардык мекеме-ишканалар биргеликте, тыгыз кызматташтыкта, күнү-түнү кызматтык милдеттерди так аткарганда гана иштин натыйжалуулугу жогорулай турганын баса белгиледи.

 

Последние новости