www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган, балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөн алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгын салуу жана акциздик маркалар менен маркалоо жөнүндө маалыматка карата түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып кант, татымалдар же даам, жыпар жыттуу кошулмалары бар жана ТЭИ ТН 2202 коду боюнча классификацияланган алкоголсуз суусундуктар (тактап айтканда, суулар, минералдык жана газдалган сууларды кошкондо) балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүнө карабастан милдеттүү түрдө акциз салыгы салынууга жана акциздик маркалар менен маркаланууга тийиш.
"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-майынан баштап өлкө аймагында мындай продукциянын маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат", – деп айтылат маалыматта.
Суусундуктардын бул категориясына акциз салыгынын ставкасы өзгөрүүсүз калат жана литрине 3 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, акциздик товарларга кант, татымал же жыпар жыттуу кошулмалары бар суусундуктар гана кирет. Балдардын тамак аш азыктары катары саналган пюре, ботко жана ушул сыяктуу товарларга акциз салыгы салынбайт.
Бул норма жогоруда көрсөтүлгөн күбөлүктү берүү жолу менен акциз салыгын төлөөдөн качуу тобокелдиктерин жоюуга жана алкоголсуз суусундуктарды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө бирдей конкреттүү шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргызстанда ТЭИ ТН 2202 кодуна кирген суусундуктарга балдар тамак-ашы катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк берүүгө ыйгарым укуктуу орган жок экендигин белгилей кетүү маанилүү.
Бул буга чейин адилетсиз практикага шарт түзүп келген. Тактап айтканда, айрым импорттоочулар айрым даамдагы суусундуктарга мындай күбөлүктөрдү берип, бул аларга акциз төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген. Ал эми башка даамдагы ушул эле продукцияга салык салынып келген.