www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-генпрокурор Аида Салянова мындан 11 жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачылганын Фейсбук баракчасында билдирди.

"Арыбаңыздар!

Мага жеткен маалымат боюнча Камила Дуйшөбаеванын өлүмү ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырышып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар? Ушул баракчамдан бүгүн саат 20.30 да түз эфирге чыгам. Катышыңыздар.", - деп жазган мурдагы прокурор.

Бирок көп өтпөй дагы бир пост жазып ИИМдин өтүнүчү менен маалыматты азырынча бербей турганын билдирген.

"Урматтуу достор, ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу, маалымат берүүнү жылдырганга туура келди. Бир-эки жумадан кийин толук маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болот деп ишенем!", - деп жазды Салянова.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачыла элек.

Последние новости