www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов калкты сапаттуу жана зарыл дары-дармектер менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу топ менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери каралды. Өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген препараттарды каттоодо бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу жана кезектерди азайтуу зарылдыгы белгиленди.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу эки айдын ичинде республика аймагындагы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү жана саламаттык сактоо системасынын муктаждыктары тууралуу актуалдуу маалыматты камтыган бирдиктүү электрондук базаны ишке киргизүүнү тапшырды.

2026-жылдын башында дары-дармек тартыштыгын алдын алуу максатында, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын дары-дармектер менен толук жана үзгүлтүксүз камсыздоодогу объективдүү чектөөлөрүн эске алуу менен, саламаттык сактоо уюмдарына зарыл болгон дары-дармектерди өз алдынча сатып алуу жана тендер өткөрүү укугун берүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, дары-дармек менен камсыздоо тармагында комплекстүү жана туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында жеке фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Последние новости