www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетиктердин майрамы белгиленди. Кыргызстандын экономикасында гана эмес, жалпы эле жашоосунда бул тармактын орду өтө зор экенин айтуу эч качан ашыкча болбойт. А Ленинди эскерип жатканыбыз да бекеринен эмес. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда бул өзгөчө маанилүү майрам, иштеп жаткан ар бир ишкана, кыймылга келген техника, ар бир жылуу үй, мектептеги сабак, ар бир ооруканадагы жардам, жер жүзүндөгү миллиондогон жарыктар – энергетиктердин тынымсыз эмгегинин жыйынтыгы экени баса белгилениптир.  

“Энергетика – мамлекеттин өнүгүүсүнүн өзөгү, ал эми энергетиктер – ошол өзөктү бекем кармап турган күч. Электр энергиясын өтө көп талап кылган технологиялуу доордо сиздердин саат келди. Кыргызстандын энергетикасы – жөн гана тармак эмес, мамлекеттин стратегиялык негизи. Тарыхы өткөн кылымдын башынан тартып ишке кирген алгачкы чакан жылуулук жана гидроэлектр станцияларынан башталып, бүгүнкү энергетика ири долбоорлорду ишке ашырууга чейин жетти. 

Бүгүн Кыргызстан энергетиканын жаңы этабына кирип жатат. Бай гидроресурстарыбыз өлкөбүзгө кызмат кыла турган, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турган кез келди. Келечектин чоң максаттары ишке ашырыла баштады. Энергетикалык инфраструктура жаңыланууда. Жарым кылым кызмат кылган Токтогул ГЭСи модернизацияланып, жалпы кубаттуулугу 1440 МВтка жеткирилди. Үч-Коргон ГЭСинин да гидроагрегаттары алмаштырылууда. Бул иштер ГЭСтерибиздин өмүрүн узартууда. Бир катар чакан ГЭСтердин ишке кириши энергетика тармагына жаңы дем берип, региондордун өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Камбар-Ата–1 ГЭСи – бул Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жетелеген, келечек муундар үчүн бекем пайдубал түзгөн тарыхый долбоор. Бул долбоор – биздин энергетиктердин кесибине, тажрыйбасына жана күчүнө болгон ишенимдин белгиси. 

Бул демилгелер өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү жана биз тармактын мындан да натыйжалуу, ийкемдүү жана жогорку технологиялуу болуусуна багытталган реформаларды улантууга тийишпиз. Энергетиканын келечеги – жасалма интеллект жана санариптик платформаларды кеңири колдонууда. Процесстерди автоматташтыруу, тармактарды интеллектуалдык башкаруу, жүктөмдү алдын ала божомолдоо жана коопсуздук системалары – мунун баары биздин тармакта көндүм практика болушу керек. Бул инструменттер канчалык тез өздөштүрүлсө, өлкөнүн технологиялык суверенитети жана экономиканын туруктуу өсүшү ошончолук бекем болот. Энергетика тармагында мегадолбоорлорду ишке ашырып, тармактын потенциалын чыңдайбыз жана өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз деп ишенем.

Айрыкча тармактын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер – заманбап энергетиканын, машина куруу жана өнөр жай тармактарынын бекем пайдубалы. Жоопкерчиликтин, инженердик маданияттын жана өнүгүүгө умтулуунун мыкты салты дал сиздерден башат алат. Бул мурас бүгүнкү муун үчүн үлгү катары кызмат кылууда”.

Ушул жерден куттуктоонун акыркы абзасына көңүл буруп, тармактын тарыхына экскурс жасап коелу. 
Тарыхта мурда окутулгандай,1920-жылдын 22-декабрында Советтердин Бүткүл россиялык VIII съездинде ГОЭЛРО – Россияны электрлештирүүнүн мамлекеттик планы кабыл алат. Энергетиктин күнү 22-декабрда белгиленип жатканы да ошондон улам. Анын башкы идеологу Ленин болгон. Ал СССРде коммунизмди курууга көз карашын билдирүү менен “Коммунизм – бул совет бийлиги плюс бүткүл өлкөнү электрлештирүү” экенин баса белгилеп, ансыз өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүн эместигин айткан. Анын чакырыгы совет мамлекетинин кийинки жетекчиси Сталин тарабынан улантылып, улам кийинки беш жылдык пландарга киргизилүү менен ырааттуу ишке ашырылган. 

Ошондон улам Кыргызстандын кубаттуу гидроэнеркгетикалык потенциалы ишке киргизиле баштаган. Анын ишке ашырылышынын башатында кийин эмгеги кыргыздар тарабынан татыктуу балаанбай калган мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов турганын да айтып коюу зарыл. 

Өзүнүн адистиги гидроинженер катарында тармактын ишин жакшы билип, өлкө келечеги гидроэнергетикада деп санаган. Атүгүл тааныштарын энергетика адистигине окууга чакырган. Натыйжада анын убагында концепциясы түзүлүп, кийин акырындык менен ишке ашырылуу аркылуу өлкөбүздө ири гидроэнергетикалык потенциал калыптанды. 

Аттиң, СССР дагы он жыл тарабай турганда Союздун бюджетинин эсебинен ири Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата – 2 ГЭСтери, бир катар чакан ГЭСтер ишке киргизилип, азыр биз жайкысын эле эмес, кышкысын да энергияны экспорттоп турмакпыз!

Бирок, тарыхты артка кайтара албайсың! Ушуга да шүгүр деп туралы. Азыркы бийлик тарабынан энергиянын генерация булактары жаңыланууда. 2024-жылы чакан ГЭСтердин саны 24 болсо (анын 8и 2024-жылы ишке берилген), быйыл дагы 18ин ишке киргизүү пландалган. Өлкөдөгү электр энергиясынын дээрлик 30 пайызын берген Токтогул ГЭСинен башка да Нарын дарыясында ГЭСтер каскадында (Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон) модернизациялоо иштери жүрүп, кубаттуулуктары арттырылууда. 

Ошону менен саясий эгемен болгон өлкөбүз эми энергетикалык эгемен болуп, атүгүл электр энергиясынын ири экспортчусу болууга да аз калды. 

Энергетиктин күнүндө Ленинге рахмат айтпайлыбы!

Последние новости