www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттын желаргысы каяктан согот?

Кызматтан чегинген ажонун талабын талашуудан кайра тартпаган, керек болсо каршы сүйлөгөндөрдүн кекиртегин жулуп алууга даяр болгон Рыскелди Момбековдун саясий ташы мурунку көнгөн багытынан башка тарапка ооп баратканы коомчулукка байкалып калды. Кээде ачык эле өзү конгон башкаруучу партияга каршы ишаараттарды жасап жиберүүдө. Соттордун чечимине ичи толбой, шектелди деген А. Шыкмаматовду “аппак” кылгысы келгенине партиялаштары да оозун ачканы калп эмес. Эми мындай тактиканын артында кандай “иттин өлүгү” жатканын акылы тетиктер гана боолголоп билет.

Баса, өткөндө бул оратор депутат ойун мамтилде жеткиликтүү айталбаган Дастан Бекешовду “дүжүрсүң” деп соктуруп өттү. Микрофонду тапкан Дастан да тим турбай өзүң дүжүрсүң деген жообун узатты. Албетте мындай ыйкы-тыйкылык Рыскелдиге чоң упай алып келди дештин өзү осолдук. Ошентсе да атактуу партиянын жаңы тизмесине Момбеков кирбейт экен деген имиш кептердин аныгы бар окшойт дебешке болбой калды. Ошону жон териси аркылуу туйган эл өкүлү эмитен “токойду” карап ышкыра баштадыбы деген ой келет экен башыңа. Же азыркы бийлик салкын көз карашын “саясий жели” аркылуу билдирип жатабы? Айтор, белгисиздиктер баш баккандай…

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости