www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга белек катары берген эки кабаттуу үйгө кайрадан коомдук аукцион жарыяланды.

Биринчи аукцион өткөн жылдын 24-декабрына белгиленген. Анын баштапкы баасы 33 миллион 700 миң сомго же ошол кездеги курс боюнча 396 миң 470 долларга бааланган.

Бүгүн Мамлекеттик ипотека компаниясы кайрадан аукцион жарыялап, ал 22-февралга белгиледи. Бул ирет үйдүн баштапкы баасы 25 миллион 046 миң 800 сом (330 800 доллар) деп бааланды. Ипотекалык компания бааны 5,6 миллион сомго төмөндөттү.

Эске салсак, Жапаров үйдү МИКке 2021-жылдын 30-сентябрында өткөрүп берген. Президент аны 2005-жылы эле сатып алганын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.

Имарат Бишкектеги Худайбергенов, 81а дарегинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 390,6 чарчы метр, жер аянты 852 чарчы метр. МИК белгилегендей, үй мыкты абалда.

"Үйдү сатуудан түшкөн каражатка даяр үй сатып алынат. Батирлер "Менин үйүм 2021-2026" программасынын катышуучуларына "ижарага алуу жолу менен сатып алуу" механизми аркылуу берилет", — деди МИКтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости