www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Садыр Жапаров кечээ, 30-августта, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле региондогу абалды талкуулашты.

"Мирзиёев Жапаровду мамлекеттин Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады. Кыргызстандын өлкө башчысы Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирип, аны дагы Өзбекстандын эгемендүүлүк мааракеси менен куттуктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Баарлашуунун аягында Жапаров Кыргызстан мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости