www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдрахман Маматалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору Өкмөт башчыга ведомствонун учурдагы жүргүзүп жаткан иштери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү боюнча чаралар жана милдеттер тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкару академиясынын жана Улуттук кадрлар резервинин ишине кеңири токтолду.

Премьер-министр белгилегендей, учурда көп сандаган түзүмдүү, ыйгарым укуктары кайталанган жана ээлеген кызмат ордуна билим деңгээлдери дал келбеген мамлекеттик башкаруу тутуму алдыдагы жаңы милдеттерди натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бербестен, айрым учурда алардын өз мөөнөтүндө чечилишине тоскоолдук жаратууда.

«Көзкарандысыздыктын 30 жылы аралыгында өлкө кадрдык башаламандыкка малынып, кызмат орундарга адистер кесипкөйлүк талаптарга жараша эмес, тууганчылык принциби боюнча дайындалып келген. Сынактык тандоолор айрым учурларда жабык эшик артында өтүп, экономист кызматына гуманитардык билим алган адамдар дайындалып калган учурлар кездешет», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Мамлекеттик кадр кызматы алдында мамлекеттик башкаруу тутумун толугу менен кайрадан форматташтыруу милдети тургандыгын баса белгиледи.
«Олуттуу кадрлык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билим ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү тийиш. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, пайда алып келиши зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Андан соң ал белгилегендей, кадрдык потенциалды тартуу жана жакшырту үчүн ар бир мамлекеттик органда тармактын кесипкөйлөрүнөн жана ардагерлеринен турган атайы комиссия түзүлүшү керек жана алар ведомствонун бардык кызматкерлерин ээлеген кызмат ордуна дал келүүсү боюнча тандоо жүргүзүүсү абзел. Ошондой эле Өкмөттө да тийиштүү комиссия түзүлөт жана кадрдык реформага өз көмөгүн көрсөтөт.
Мындан тышкары Садыр Жапаров ар бир башкаруучу кызматка алууда тууган-туушкандарын тартып, пара алуу менен алектенбестен, билим деңгээли, компетенттүүлүгү, кесипкөйлүгү боюнча атаандаштыгы принциптерин жетекчиликке алуусу керектигин билдирди.

Жолугушунун соңунда Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна кадрдык реформа боюнча конкреттүү иш-чаралардын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу планын сунуштоо тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости