www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КТРКга берген интервьюсунда билдирди.
Мамлекет башчысы Конституцияга ылайыкташкан мыйзамдар депутаттар каникулга тараганга чейин кабыл алынып бүтөрүн белгиледи.
«Конституция боюнча БШК ушул жумада жыйынтыгын чыгарса керек. Жыйынтык чыккандан кийин жаңы Конституция күчүнө кирет, бирок мыйзамдар эки айдын ичинде, депутаттар каникулга тараганга чейин кабыл алынып бүтөт деп ойлонуп турам. Бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар көп, аларды Конституцияга дал келтириш үчүн оңдоп-түздөп долбоорлорун даярдап койдук. Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам кирет. Кабыл алынгандан кийин 1-июлдан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз», — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 30-июнда эки айлык каникулга тарайт.
Булак: NazarNews.kg